Биз социалдык тармакта

Токтогулда 54 түп апийим өстүргөн жаран кармалды (видео)

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда короосунда апийим өсүмдүгүн өстүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

Маалымдалгандай, милицияга аталган жаран боюнча маалымат түшүп, Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон. Тинтүү учурунда шектүүнүн короосунан 340 грамм кара-күрөң түстөгү зат жана 54 түп апийим өсүмдүгү табылган. Аталган өсүмдүктөрдүн жалпы салмагы 4 килограмм 120 граммды түзгөн.

Алынган далилдердин негизинде кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 288-беренесинин 2-бөлүгүнө кайра квалификацияланып, шектүү соттун чечими менен 2 айга камакка алынган. Учурда тергөө амалдары улантылууда.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан