Ош шаарындагы "Meery Garden" эс алуу багында Жалпы республикалык тестирлөөдө (ЖРТ) жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен окуучуларды сыйлоо аземи өттү. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чарага шаар башчысы Жанар Акаев катышып, билим сынагында мыкты жыйынтык көрсөткөн бүтүрүүчүлөрдү жеңиши менен куттуктаган. Ошентип, Акаев 210 баллдан жогорку упай топтогон окуучуларга Ош шаарынын мэриясынын атынан акчалай сыйлыктарды жана ноутбуктарды белекке тапшырды.