Колумбияда салттуу корралея учурунда бука оюн көрсөтүүчү аренадагы тосмодон секирип өтүп, көрүүчүлөрдү сүзүп, тебелеп кеткен.
Чет элдик басылмалардын маалыматтары боюнча, окуя 20-июлда Колумбиянын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдар өтүп жаткан Кастилья районунда болгон. Кеминде төрт адам оор жаракат алган.
Корралея - Колумбиянын бир нече аймактарында кеңири таралган салттуу фестиваль. Анын жүрүшүндө букалар убактылуу аренага коё берилет. Ал жерде аткаруучулар гана эмес, туруктуу коноктор да алар менен оюн кыла алышат.