Интернет желесинде эки суурдун мушташына аралашкан чөндөлөйдүн видеосу тарап, кызуу талкуу жаратууда.
Муну интернет колдонуучулары урушкан ата-энесин ажыратууга аракет кылган чөндөлөйдүн окуясы катары сыпатташууда. Күлкүлүү жана таасирдүү видео социалдык медиада тез эле популярдуу болуп кетти.
Деген менен видео 2024-жылы тартылган. Аны фотограф Дмитрий Доценко Алматы тоолорунан тартып алган.