Биз социалдык тармакта

Жерде июль айындагы 2-магниттик бороон катталды

Кечээ, 23-июлда Жерде бир ай ичиндеги 2-магниттик бороон башталды. Бул тууралуу Күндүн астрономиясы лабораториясы (XRAS) билдирди.

Адистердин маалыматына караганда, катталган бороон G1 деңгээлине кирет. Бул магниттик бороондордун эң төмөнкү деңгээли болуп эсептелет. Болжол боюнча, ал 24-июлдун ортосуна чейин уланышы мүмкүн.

Лабораториянын маалыматы боюнча, магниттик бороон Жердин магнит талаасына короналдык тешиктен чыккан плазманын таасиринен улам пайда болгон.

Белгилей кетсек, июль айынын башында дагы бир магниттик бороон катталган. Ал бул жолкуга караганда күчтүү болуп, G3 деңгээлине жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан