Бекмамат Бактыбеков Манас шаарынын мэринин коммуналдык чарба боюнча орун басары кызматына дайындалды. Тиешелүү буйрукка шаар мэри Уларбек Исмаилов кол койду.
Мэриядан маалымдашкандай, жаңы дайындалган орун басар бүгүн, 24-июлда эмгек жамаатка тааныштырылды.
Бекмамат Бактыбеков 1992-жылдын 7-июлунда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда туулган.
Билими:
2009–2014-жылдары – И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин тоо-кен инженери, геолог, нефтяник адистиги боюнча аяктаган.
2014–2015-жылдары – "Гидрострой-Проект" ЖЧКсында сатып алуулар боюнча адис;
2015–2017-жылдары – Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык сектор бөлүмүндө жетектөөчү адис;
2017–2021-жылдары – Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын реалдуу сектор бөлүмүндө башкы адис;
2021–2023-жылдары – Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын реалдуу сектор бөлүмүндө сектор башчысы;
2023-жылы – Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси;
2023–2025-жылдары – Сузак райондук мамлекеттик администрациясында аппарат жетекчи;
2025-жылдан – бүгүнкү күнгө чейин – Токтогул шаарынын мэри.
Эскерте кетсек, вице-мэрлик кызматты буга чейин Нурказы Маданов аркалап келген.