Биз социалдык тармакта

Францияда токой өртүнөн улам 20 миңден ашуун адам эвакуацияланды

Бүгүн, 24-июлда Франциянын түштүк-батышындагы Бордо шаарына жакын аймакта күч алган токой өртүнөн улам 20 миңден ашуун адам коопсуз жайларга көчүрүлдү. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазышты.

Өрт Жиронда аймагындагы токойлордо жайылып, жалынды өчүрүүгө жүздөгөн өрт өчүрүүчү тартылды. Куткаруу кызматтары атайын техника жана авиациялык каражаттардын жардамы менен өрттү көзөмөлгө алууга аракет кылышууда.

Адистердин айтымында, кургак аба ырайы, жогорку температура жана шамал оттун тез жайылышына шарт түзгөн. Айрым аймактардагы тургундар жана эс алуучулар коопсуз жерлерге чыгарылган.

Учурда өрттү толук өчүрүү жана анын жайылышына жол бербөө боюнча иштер уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан