Өзбекстандын улуттук курама командасынын коргоочусу Абдукодир Хусанов менен бельгиялык жарым коргоочу Жереми Доку Англиянын "Манчестер Сити" клубу менен 2031-жылга чейин жаңы келишим түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу спорт басылмалары билдиришүүдө.
Учурда Хусановдун клуб менен түзүлгөн келишими 2029-жылга чейин, ал эми Докунун келишими 2028-жылдын июнь айына чейин жарактуу.
Өткөн сезондо 22 жаштагы Хусанов бардык мелдештерде 37 оюн өткөрүп, команданын негизги коргоочуларынын бири болуп калды. Ал эми Доку 47 беттешке чыгып, 8 гол киргизип, 14 голдук пас берген.
Буга чейин "Манчестер Сити" клубу англиялык жарым коргоочу Фил Фоден менен келишимин 2030-жылга чейин узарткан болчу.