Бүгүн, 24-июлда Талас шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания курган 319 батирдин ачкычтары ээлерине тапшырылды.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдагандай, ачкычтарды тапшыруу аземине өкмөт башчы Адылбек Касымалиев катышкан. Өкмөт башчы турак жай курулушу мындан ары ири шаарлар менен гана чектелбестен, өлкөнүн бардык аймактарына жайылып, аймактардын комплекстүү өнүгүүсүнө гана эмес, тең салмактуу ички урбанизацияга да өбөлгө түзөрүн билдирди.
Жалпы 11 блоктон турган “Тынчтык Ордо” турак жай комплекси 4 жана 8 пайыздык жеңилдетилген шарттар менен облус тургундарына берилүүдө.