Биз социалдык тармакта

Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы 11-12-сентябрда Таласта белгиленет

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүгүн 35 жылдыгы 31-августта эмес, 11-12-сентябрда Таласта белгиленет. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматында белгилүү болду.

Ага байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Таласта майрамдык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жыйын өткөрдү. Жыйында мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына майрамды жогорку деңгээлде уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Майрамдык иш-чараны утурлай, "Манас Ордо" тарыхый-маданий комплекси, "Айтматов Ааламы" маданий-мемориалдык комплекси, Суусамыр – Талас – Тараз эл аралык унаа жолу, "Бала-Саруу" чакан ГЭСи колдонууга берилиши мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан