Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Кыргызстан туристтер үчүн өзгөчө кооз өлкөлөрдүн бири экенин билдирди.
Анын айтымында, өзгөчө Ысык-Көлдүн кайталангыс жаратылышы, тунук абасы жана тоо менен көлдүн өзгөчө айкалышы эс алуучуларга унутулгус таасир калтырат. Захарова туристтерди Кыргызстанга келип, Ысык-Көлдө эс алып кетүүгө чакырды.
Маалымат булагы: Номад ТВ