Биз социалдык тармакта

Ирандын таасирдүү саясатчыларынын бири Чолпон-Атага келди

Кечээ, 24-июлда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ирандык кечиптеши Сейед Аббас Аракчи менен жолугушту.

Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулап, Жакынкы Чыгыштагы жана Перс булуңундагы кырдаал боюнча пикир алмашты. Шанхай кызматташтык уюму, Ислам кызматташтык уюму сыяктуу жана башка эл аралык уюмдардын алкагындагы эки өлкөнүн өз ара кызматташуусуна өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар кыргыз-иран соода-экономикалык кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан