Алматыда жаш жигит автобус айдап бара жаткан атасына унаасы менен жетип барып, жайдын аптаптуу күнүндө муздак суусундук сунду. Ал жүргүнчүлөргө атасы 30 жылдан бери айдоочу болуп эмгектенип келе жатканын айтып, аны менен сыймыктанарын билдирди.
Бул жүрөк жылыткан окуя социалдык тармактарда кеңири таралып, көпчүлүктүн алкышына ээ болду.