Бишкекте ШКУ саммитине карата жол боюндагы үйлөрдүн сырткы көрүнүшүн жаңылап жаткан усталарга шаар тургуну жагымдуу маанай тартуулады. Алар таң эрте эмгектенип жаткан жумушчуларды ысык чай жана даамдуу эртең мененки тамак менен сыйлады.
Бул жөнөкөй, бирок жүрөк жылыткан аракет эмгек адамдарына болгон урмат-сыйдын белгиси болду. Усталар мындай камкордук үчүн ыраазычылык билдиришсе, бул окуя социалдык тармактарда да жылуу пикирлерди жаратууда.