Бүгүн, 26-июлда Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков баштаган чыгармачыл делегация Ысык-Көлгө келди.
Кыргызстандын маданият министрлиги билдиргендей, алардын учагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна конуп, делегацияны министрдин орун басары Аскаралы Мадаминов тосуп алды.
Эскерте кетсек, 200гө жакын маданият жана искусство өкүлдөрү Чолпон-Атада өтө турган Өзбекстандын маданият күнүндө чыгармачылыгын тартуулашат. Иш-чара 27–28-июль күндөрү өтөт.