Индиянын Макрана шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам мрамор карьерлери биринин артынан бири урап түштү. Бул тууралуу India Today жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө таянып жазды.
Маалыматка караганда, жаан-чачын мезгилине байланыштуу карьерлердеги иштер алдын ала токтотулган. Катуу жаандан кийин карьерлерди суу каптап, топурак туруксуз абалга келгендиктен көчкү жүрүп, карьерлер чынжырча түрүндө урай баштаган.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар тууралуу кабарланган жок.