VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Кырчын жайлоосунда "Көчмөндөр ааламы" этнокомплекси курулууда. Комплекс көчмөндөрдүн маданиятын, улуттук каада-салттарын жана кол өнөрчүлүгүн чагылдырган чоң маданий жайга айланат.
Долбоордун алкагында жер, чопо жана таш сыяктуу табигый материалдардан курулуштар салынып, 21 жеңил конструкциядагы үй жана эл аралык этнобазар уюштурулат.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Ысык-Көлдө өтөт.