Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова "Номад" телеканалына маек куруп жатып, "Евразия" уюмунуну ишке ашырып жаткан долбоорлору жана анын мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду.
Анын айтымында, балдардын кошумча тил үйрөнүүсү, кошумча маданият билүүсү чоң мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачат. Бул XXI кылымдын талабы. Бул жаатта "Евразия" уюму түрдүү долбоорлорду ишке ашырууда жана ага ишеним аркткан кыргызстандыктар да көп.
Захарова мындай демилгелер Кыргызстан менен Орусиянын достук мамилесин жана кызматташтыгын бекемдөөгө да маанилүү салым кошуп жатканын билдирди.