Казакстанда электр аэротаксилерди сыноо иштери жүрүп жатат. Долбоорду кытайлык "AutoFlight" компаниясы жана "Alatau Advanced Air Group" биргелешип ишке ашырууда. Коммерциялык каттамдарды 2028-жылдын аягында же 2029-жылдын башында баштоо пландалууда.
Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, AutoFlight Prosperity (V2000) үлгүсүндөгү аэротакси бир учкуч жана беш жүргүнчүнү ташый алат. Ал саатына 200 чакырымга чейин ылдамдыкта уча алат жана бир кубаттоо менен 200–250 чакырым аралыкты басып өтөт.
Биринчи сыноо учуусу май айында Алатау шаарында өтсө, 24-июлда Астанада дагы ийгиликтүү сыноо жүргүзүлдү. Долбоордун алкагында Алматы жана Алатау шаарларында алгачкы вертипортторду куруу да пландалууда.