ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери автоээнбаштык кылган BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусун аныктап, кармашты.
Текшерүү учурунда айдоочунун транспорт каражатын айдоочулук күбөлүгүнүн мөөнөтү өтүп кеткенине карабастан башкарып жүргөнү аныкталган. Ага карата тиешелүү административдик протоколдор түзүлүп, унаасы айып короого токтотулду.
ЖКККББ жол кыймылынын эрежелерин одоно бузуу жана автоээнбаштык жарандардын өмүрүнө коркунуч жаратарын эскертип, мындай мыйзам бузууларга каршы катуу чаралар көрүлөрүн билдирди.