Биз социалдык тармакта

Францияда токой өрттөрүнөн улам 220 миңден ашуун адам эвакуацияланды (видео)

Франциянын түштүк-батышындагы ири токой өрттөрүнөн улам 220 миңден ашуун адам коопсуз жайларга көчүрүлдү.

Чет элдик басылмалар билдиргендей, өрттү өчүрүүгө 1400 өрт өчүрүүчү, 1500 аскер кызматкери, 1700 коопсуздук кызматкери жана өрт өчүрүүчү авиация тартылган. Европа Биримдиги дагы жардам катары Францияга беш учак жана эки тик учак жөнөттү.

Өрт Жиронда департаментинде 32,7 миң гектардан ашык аймакты жалмап, өлкө боюнча жыл башынан бери күйгөн аянт дээрлик 100 миң гектарга жетти. Франциянын Ички иштер министрлиги бул көрсөткүчтү тарыхый рекорд деп атады.

Францияда токой өрттөрүнөн 220 миңден ашуун адам эвакуацияланды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан