Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгинде жаңы эс алуу жайы курулуп жатат. Бул тууралуу мэрдин орун басары Шумкарбек Пайзиев билдирди.
Анын айтымында, дарыянын жээгине көл жээгиндегидей пляж жасалып, эс алуучулар үчүн чатырлар орнотулууда. Мындан тышкары, Ак-Бууранын эки жээгин бириктирген жөө адамдар өтүүчү көпүрө да жаңыланат.
Долбоор шаар тургундары жана коноктору үчүн заманбап эс алуу шарттарын түзүүгө багытталган.