Биз социалдык тармакта

Активист Кызыл-Кыя темир жолунун мүмкүнчүлүгүн пайдаланууну сунуштады (видео)

Активист Азамат Абсатаров Кызыл-Кыя темир жолунун мүмкүнчүлүгүн кеңири пайдалануу зарылдыгын билдирди. Анын айтымында, бул азыркы Кыргызстандын аймагындагы эң алгачкы темир жолдордун бири болуп, өткөн кылымдын башында Кызыл-Кыянын көмүрүн ташуу үчүн курулган жана Баткен облусунун өнүгүшүнө чоң салым кошкон.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө темир жол негизинен жүк ташууда колдонулууда. Бирок инфраструктура жаңыланып, жүргүнчү ташуу кайра жандандырылса, Кызыл-Кыя–Фергана сыяктуу каттамдарды ишке киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөк.

Абсатаров ошондой эле кечээ пайдаланууга берилген Балыкчы–Кочкор темир жолу кубанычтуу окуя экенин белгилеп, Кувасай–Кызыл-Кыя темир жол мүмкүнчүлүктөрүнө да көңүл буруу зарылдыгын айтты.

Активист Кызыл-Кыя темир жолунун мүмкүнчүлүгүн пайдаланууну сунуштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан