Биз социалдык тармакта

Кыргызстандын жаш футболчу кыздары СAFA чемпиондугунда коло медаль жеңди

Кыргызстандын 20 жашка чейинки кыздардан турган футбол боюнча курама командасы Тажикстанда өткөн Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) чемпиондугунда 3-орунду ээледи.

Мелдеш 21–25-июль күндөрү Гиссар шаарында өтүп, ага Кыргызстан, Өзбекстан, Иран жана Тажикстандын курама командалары катышты.

Кыргызстандык футболчу кыздар Өзбекстанга 0:1, Иранга 1:2 эсебинде утулуп, Тажикстанды 2:0 эсебинде жеңишти. Жыйынтыгында команда 3 упай топтоп, коло медалга ээ болду.

Чемпиондукту Өзбекстандын курама командасы жеңсе, күмүш медаль Иранга кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан