Португалиянын курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналду ойногон Сауд Арабиясынын "Аль-Наср" клубу олуттуу каржылык каатчылыкка кабылды.
Маалыматка ылайык, клубдун карызы болжол менен 200 миллион долларды түзгөн. Ушундан улам клуб жаңы трансферлерди убактылуу токтотту.
Каржылык абалдан чыгуу үчүн жетекчилик клубдун үлүшүнүн бир бөлүгүн сатуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканы айтылууда.