Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык кызуу жүрүүдө. Учурда борбор калаанын негизги көчөлөрүндө жайгашкан имараттардын сырткы көрүнүшү жаңыланып, оңдоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Мэриянын маалыматына ылайык, иштер бирдиктүү архитектуралык талаптарга ылайык жүргүзүлүп, шаарды заманбап жана көрктүү кылууга багытталган.