Кыргызстандык аралаш мушташ өнөрүнүн мушкери Калыбек Арзыкул уулу Япониянын Токио шаарында өткөн "PANCRASE 364" турниринде жеңишке жетти.
66 килограмм салмак ченинде өткөн беттеште ал япониялык Киса Миякени калыстардын бир добуштан чыгарган чечими менен жеңди. Бул жеңиштен кийин кыргызстандык мушкердин профессионалдык көрсөткүчү 14 жеңиш жана 2 жеңилүүгө жетти, ал эми Миякенин рекорду 13 жеңиш, 6 жеңилүү болду.