Сокулукта мал уурулук фактысына шектелип Баткен облусунун тургуну кармалды. Бул туурасында Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 24-январында милиция кызматкерлерине 50 жаштагы Сокулук районунун тургуну кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам сарайда байланып турган уюн уурдап кеткен.
Жогорудагы факты боюнча “мал уурдоо” беренеси менен кылмыш иши козголуп, бир катар оперативдүү-иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында кылмышка шектелип, 21 жаштагы Баткен облусунун тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.