Социалдык тармактарда Кант шаарында өспүрүм баланын сабалганы тартылган видео тарады.
Чүй облустук милициясы аталган факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын маалымдады. Анын алкагында окуяга күбө болгондор жана катышкандар суракка алынууда. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.