Өлкөдө быйылкы жылдын II чейрегинде жүгүртүүгө чыккан акчанын жалпы суммасы 317 026,2 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.
Маалымдалгандай, 31 020,3 миллион сом коммерциялык банктардын кассаларында, ал эми 286 005,9 миллион сом банк тутумунан тышкары колдонууда турган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын тиешелүү мезгили менен салыштырганда 33 264,3 миллион сомго же 13,2 пайызга көп.
Апрель, май, июнь айларында коммерциялык банктардын кассаларына өлкөнүн бүтүндөй аймагынан 1 841 600,5 миллион сом келип түшкөн. Бул көрсөткүч 2025-жылдын II чейрегине салыштырганда 496 744,4 миллион сомго же 36,9 пайызга көп.