Биз социалдык тармакта

Динозаврларды жок кылган астероиддин күтүлбөгөн сыры ачылды

Science Advances журналынын маалыматы боюнча, мындан 66 миллион жыл мурун динозаврларды жок кылган астероид көмүртектүү хондриттин сейрек кездешүүчү түрүнө — CO2 метеориттерине таандык болгон. Изилдөөнү Брюссель университетинин Филипп Клей жетектеген эл аралык окумуштуулар тобу жүргүзгөн.

Бул типтеги метеорит Жерде табылган бардык метеориттердин 5 пайызын гана түзөт. CO2 хондриттери — бул жогорку температурада күн системинен сырткары пайда болгон метеориттердин тобу. Алар күкүрттүн өтө аз болушу менен айырмаланат.

Окумуштуулар динозаврлардын жок болушунун негизги себеби - майда чаң болгон деп эсептешет. Жерге түшкөн астероидден пайда болгон жука чаң катмары күн нурун көп жылдар бою тосуп, аба ырайын кескин муздатууга алып келген.

Буга чейин көп санда күкүрттүн бөлүнүп чыгышынан келип чыккан кычкылдуу жамгыр кырсыктын негизги фактору болгон деп болжолдонгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан