Биз социалдык тармакта

Түркияда мүрзөгө барган 3 адам кайтып келген жок

Кечээ, 26-июлда Түркиянын Батман шаарындагы көрүстөндө куралдуу кол салуу болуп, 3 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлашты.

Чабуулдан бийликтеги "Адилеттик жана өнүгүү" партиясынын жергиликтүү бөлүмүнүн мүчөсү Мехмет Дирек, анын уулу жана жээни каза болгон. Дагы 2 адам жаракат алган.

Окуя Асри көрүстөнүндө болуп, кол салган адам окуя болгон жерден качып кеткен. Кийинчерээк аймактын бийлиги 2 шектүү кармалганын билдирди. Расмий маалыматка ылайык, кол салууга быйыл май айында болгон турмуш-тиричиликтик жаңжал себеп болушу мүмкүн. Ал окуяда 1 адам каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан