Биз социалдык тармакта

Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келет

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келет. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Министр бул билдирүүнү Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен Чолпон-Ата шаарында өткөн жолугушууда жасады. Тараптар Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапарын уюштурууга даярдык көрүү жана анын Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине катышуусу боюнча маселелерди талкуулашты.

Кулубаевдин айтымында, акыркы жылдары Кыргызстан менен Кытайдын мамилеси туруктуу өнүгүп, кызматташтык өз ара урматтоо, тең укуктуулук жана эки тараптын кызыкчылыктарын эске алуу принциптерине негизделүүдө.

Белгилей кетсек, ШКУнун мамлекет башчыларынын саммити 31-августтан 1-сентябрга чейин өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан