Жеки Чанды дүйнө жүзү актёр, каскадёр жана мушташ өнөрүнүн чебери катары билет. Ошол эле кезде анын жаныбарларга болгон өзгөчө мамилеси да көпчүлүктүн көңүлүн буруп келет.
Анын үйүндө азыркы учурда 3 ити жана 2 мышыгы, ал эми иш кеңсесинде дагы 5 мышыгы бар экени айтылат. Буга чейин Жеки Чандын JJ жана Jones аттуу голден-ретриверлери өзгөчө белгилүү болгон. Мындан сырткары, актёрдун жылкылары да бар.
2009-жылы Жеки Чан Кытайдын Чэнду шаарынын панда боюнча элчиси болуп дайындалып, 2 панданы камкордукка алган. Аларга Чэн Чэн жана Лонг Лонг деген ысымдарды берген. Актёрдун пандаларга болгон өзгөчө мамилеси 2017-жылы "Оскар" сыйлыгынын аземинде да байкалган. Ал кызыл килемге 2 оюнчук панда менен чыгып, аларды өзү камкордукка алган пандалардын символу катары көрсөткөн. Бул көрүнүш ошол учурда көпчүлүктүн көңүлүн бурган.
Ошентип, актёрдун жаныбарлар дүйнөсүндө ит-мышыктардан тартып пандаларга чейин бар экенин билдик. Ал эми жаныбарларды коргоо боюнча билдирүүлөрүндө Жеки Чан кароосуз калган жаныбарларды сатып алуунун ордуна багып алууга чакырып келет.