Биз социалдык тармакта

2026-2027-окуу жылындагы мектеп каникулдарынын графиги бекитилди

Кыргызстандын Агартуу министрлиги 2026–2027-окуу жылына карата 11 жылдык билим берүү системасы жана этап-этабы менен 12 жылдык окууга өтүп жаткан класстар үчүн базистик окуу пландарын бекитти.

Ага ылайык, мектеп окуучулары төмөнкү график боюнча эс алышат:

  • күзгү каникул – 2026-жылдын 11–15-ноябры (сабактар 16-ноябрда башталат);
  • кышкы каникул – 2027-жылдын 1–10-январы (сабактар 11-январда уланат);
  • жазгы каникул – 2027-жылдын 3–8-марты (сабактар 9-мартта башталат);
  • Май майрамдарындагы эс алуу – 2027-жылдын 1–9-майы (сабактар 10-майда уланат).

Мындан тышкары, 1-класстын окуучулары үчүн каникул дагы эки жумага, ал эми 2-класстын окуучулары үчүн бир жумага узартылат.

Кошумча каникулдардын так мөөнөтүн аймактардын климаттык жана санитардык-эпидемиологиялык шарттарын эске алуу менен райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү аныктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан