Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюму Азербайжандын баш калаасы Бакуда 17 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу 27-июлдан 2-августка чейин өтөрүн эскертти.
Уюм эскертүүнү кыргыз балбаны Адисбек Алтынбековдун кооз күрөшү тартылган видео менен бөлүштү. Анда Алтынбековдун былтыр Грециянын Афины шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугундагы (U-17) күрөшү көрсөтүлөт. Эркин күрөшчү турнирде коло байге уткан.