
Социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелип 38 жаштагы аял киши кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал экстремисттик жана террористтик уюмдарга таандык болгон материалдарды жайылтып келген. Чогултулган материалдын жана экспертизалардын корутундусуна ылайык, ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө иштери аяктап, иш соттук кароого жиберилди.