Бүгүн, 27-июлда Түштүк Кореянын мурдагы президенти Юн Сок Ёль шайлоо мыйзамын бузганы үчүн дагы 18 айга эркинен ажыратылды. Бирок сот өкүмдүн аткарылышын 3 жылга жылдырды. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат агенттиктери билдиришти.
Соттун маалыматына караганда, Юн Сок Ёль 2022-жылдагы президенттик шайлоо өнөктүгү маалында жалган маалымат берген. Сот анын билдирүүлөрү шайлоочулардын чечимине таасир эткен деп тапкан.
Эгер өкүм апелляциялык инстанцияларда күчүндө калса, Юн Сок Ёлдун "Элдик күч" партиясы шайлоо өнөктүгүнө кеткен чыгымдар үчүн мамлекеттен алган 39,7 миллиард вонду - болжол менен 27,1 миллион долларды - кайтарып берүүгө милдеттүү болушу мүмкүн.
Бул мурдагы президентке байланыштуу бир нече сот иштеринин бири. Юн Сок Ёль буга чейин 2024-жылдын декабрында аскердик абал киргизүүгө байланышкан иш боюнча өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал эми июль айында саясий каржылоо мыйзамын бузгандыгы үчүн дагы 2 жылга соттолгон.