6 айда ишеним телефонуна үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 3480 чалуу түштү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Анын 335и физикалык зомбулук фактысы болсо, 1513ү психологиялык зомбулук. Ошондой эле куугунтуктоо фактысы боюнча 142, экономикалык зомбулук боюнча 251 факт катталган.