Биз социалдык тармакта

"Бул биздин табиятыбызда жок". Иран Трамптын сүйлөшүүлөр тууралуу сөзүн четке какты

Бүгүн, 27-июлда Иран АКШ менен согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра баштоону өзү сураганын четке какты. Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаи Тегеран сүйлөшүүлөрдү өтүнгөн эмес деп билдирди. Бул тууралуу Reuters агенттиги маалымдады.

"Иран АКШдан согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра баштоону суранган жок. Бул биздин табиятыбызда жок. Ислам Республикасы согуштун качан бүтөрүн АКШ аныкташына жол бербейт",- деди Багаи.

Ал ошондой эле Ормуз кысыгындагы кырдаал өзгөрбөгөнүн жана кысык дагы эле жабык бойдон турганын билдирди. Буга катар Иран менен Омандын Ормуз кысыгын башкаруу боюнча сүйлөшүүлөрү оң маанайда өткөнүн белгиледи.

Эске салсак, АКШ президенти Дональд Трамп 21-июлда Тегеран Вашингтон менен жолугушууну "айласыздан сурап жатканын" айткан. Ошол эле учурда ал АКШ сүйлөшүүлөргө кызыкдар эмес экенин билдирген.

Ирандын бүгүнкү билдирүүсү Тегеран Трамптын бул сөздөрүн ачык четке какканын көрсөттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан