
Бүгүн, 27-июлда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) ЖМК жана аналитикалык борборлор форумунун пленардык жыйыны өтүүдө.
Форумдун экинчи бөлүгү гуманитардык жана маданий кызматташтык маселелерине арналып, анда цивилизациялар аралык диалог, маданий алмашуу жана заманбап технологиялардын ролу талкууланууда.
Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү темалар каралууда:
Форум Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттиги менен Кытайдын «Синьхуа» маалымат агенттиги тарабынан уюштурулган. Ага ШКУга мүчө жана байкоочу өлкөлөрдөн келген 250гө жакын жергиликтүү жана чет элдик өкүлдөр катышууда.
Иш-чаранын негизги максаты – ШКУ өлкөлөрүнүн ортосунда маалыматтык, маданий жана технологиялык кызматташтыкты өнүктүрүү.