Биз социалдык тармакта

Ошто Ноокат - Араван -Төбө-Коргон жолунун 9 чакырымына асфальт төшөлүүдө

Ош облусунда жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Транспорт министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылга карата бекитилген планга ылайык, Араван районундагы Ноокат–Араван–Төбө-Коргон унаа жолунун 9 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө каралган.

Учурда №44 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан жолго асфальт-бетондун биринчи катмары төшөлүп жатат.

Курулуш иштерине атайын жол куруу техникалары жана жумушчулар тартылып, иштер бекитилген график боюнча жүргүзүлүүдө.

Транспорт министрлиги өлкө аймагында жолдорду оңдоо жана жаңылоо иштери бекитилген планга ылайык улантылып жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан