Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда 2026-2027-окуу жылдарында кандай өзгөрүүлөр болот?

Бүгүн, 27-июлда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги бекиткен базистик окуу планына ылайык 2026-2027-окуу жылында бир катар өзгөрүүлөр киргизилери Агартуу министрлиги тарабынан маалымдалды.

Кыргызстанда 2026–2027-окуу жылы 15-сентябрда башталып, 2027-жылдын 25-майында аяктайт. Маалыматка ылайык, окуу жылынын башталышынын жылдырылышына августтун аягынан сентябрдын башына чейин өлкөдө бир катар маанилүү иш-чаралардын өтүшү себеп болгон. Алардын арасында Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бар.

2026–2027-окуу жылында 12 жылдык билим берүү моделине өтүү улантылат. Анын алкагында 1-, 2-, 3-, 5-, 7- жана 8-класстардын окуучулары жаңы окуу программалары жана окуу китептери менен билим алышат.

Кесипке багыт берүү максатында 8-класстарда жумасына 2 сааттан 14 профилге чейинки даярдоо программасы киргизилет.

Мындан тышкары, өлкөнүн 500 мамлекеттик мектебинде 3–5-класстын окуучулары үчүн шахмат ийримдери уюштурулат.

12 жылдык мектептин 1–3-класстарында окуучулардын жетишкендиктери сандык баа коюлбастан, сапаттык жана сыпаттамалык ыкмалар менен бааланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан