Сөзү Шайлообек Дүйшеевге, обону Муратбек Бегалиевге таандык болгон "Ата Мекен" ырын Өзбекстандын Кыргызстандагы Маданият күндөрүнө карата келген чыгармачыл топ өзгөчө чеберчилик менен аткарып, көрүүчүлөрдүн купулуна толду.
Эл аралык сынактардын лауреаттары Тулкин Тожиев, Расулжон Абдуллаев жана Акжол Мелдебековдун аткаруусундагы чыгарма эки элдин достугун жана маданий байланышын даңазалады.
Кыргыз элинин сүйүктүү чыгармасы болгон бул ыр өзбекстандык өнөрпоздордун аткаруусунда көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды.
Экерте кетсек, 27-28-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында Өзбекстандан 200гө чукул чышармачыл топ келип, маданият күнү өтүүдө.