Соң-Көл аймагында жайыттарды жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын коргоо боюнча жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө 12 мыйзам бузуу фактысы аныкталды.
Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына ылайык, жайыттарга мыйзамсыз автоунаа жана мототранспорт менен кирген үч жаранга жалпысынан 66 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Рейд Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин катышуусунда өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — жайыттардын деградациясына жол бербөө, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо жана айлана-чөйрөгө келтирилүүчү зыяндын алдын алуу.