Биз социалдык тармакта

Бүгүн айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт

Бүгүн, 28-июлда өлкөнүн айрым аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, ошондой эле Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

  • Чүй облусунда +31...+36°;
  • Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34...+39°;
  • Талас облусунда +29...+34°;
  • Ысык-Көл облусунда +24...+29°;
  • Нарын облусунда +27...+32° болот.

Бишкек шаарында күн ачык болуп, абанын температурасы +33...+35° болушу күтүлөт.

Ошондой эле батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы күндүз айрым жерлерде секундуна 15-20 метрге чейин жетери маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан