Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында жайгашкан кыш заводунда Кытай жараны каза тапты. Маалыматты Ош облустук милициясы тастыктады.
Белгилүү болгондой, 47 жаштагы кытайлык жаран заводдо технолог болуп эмгектенип келген. 26-июль күнү ал иштеп жаткан станоктун ичине кокустан түшүп кеткен.
Маркумдун жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.