Биз социалдык тармакта

Кыргызстандык дыйкандарга 81 сомдон 7 миллион литр дизель майы бөлүндү

Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында өлкө боюнча 1 литри 81 сомдон болгон 7 миллион литр дизелдик май бөлүндү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, учурда жалпы 2 миллион 744 миң 600 литр дизелдик май айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө берилди. Анын ичинен;
  • Ош облусуна - 572 миң 250 литр;
  • Ысык-Көл облусуна - 596 миң 850 литр;
  • Нарын облусуна - 746 миң 600 литр;
  • Жалал-Абад облусуна - 359 миң 550 литр;
  • Чүй облусуна - 236 миң 300 литр;
  • Баткен облусуна - 189 миң 350 литр;
  • Талас облусуна - 43 миң 700 литр бөлүштүрүлдү.

Учурда жеңилдетилген баада бөлүнгөн дизелдик майдын калган көлөмү 4 миллион 255 миң 400 литрди түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан