Чолпон-Ата шаарынын айланма жолунун курулушунда негизги иштер белгиленген графикке ылайык уланууда.
Мэриядан маалымдашкандай, бүгүнкү күнгө карата жолдун 4 чакырымына асфальт төшөлдү. Курулуш иштерине 417 кызматкер жана 186 атайын техника тартылган. Айланма жолдун жалпы узундугу 15,64 чакырымды түзөт.
Учурда көпүрөлөрдүн, суу өткөрүүчү курулмалардын, таяныч дубалдардын курулушу жана инженердик коммуникацияларды көчүрүү иштери да параллелдүү жүргүзүлүп жатат.