АКШдагы бороондон бир күндө 800 жол кырсыгы катталып, 13 адам набыт болду

АКШнын түштүгүндөгү бороондон 13 адам набыт болду. Алардын басымдуу бөлүгү аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам катталган жол кырсыктарына туш болушкан. Бул тууралуу 30-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

5 адам Алабамада жол кырсыгынан каза тапса, экөөсү Түндүк Каролинадагы кырсыкта көз жумган. 4 адамдын жансыз денеси Миссисиппидеги өрттөн кийин табылган. Өрт жылыткычты туура эмес колдонуудан улам келип чыккан. 

АКШнын 6 штатында өзгөчө кырдаал киргизилди. 28-январь күнү бороондо 800дөн ашуун жол кырсыгы катталган. 

Бийлик тарабынан 20 чоң жол жабылды. Саясатчылар адам өмүрүн алып кеткен кырсыктар боюнча жоопкерчиликти синоптиктерге тагышууда. Ал эми синоптиктер кардын катуу жаашы тууралуу алдын ала эскерткенин билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
liliya-gul
2014-01-31 09:59:09
Каргышка каганда акш ар мамлекети талкалап
+1
Asus84
2014-01-31 11:21:29
кудай сакта
0
jolbors8989
2014-01-31 13:53:17
ким кимди замбарек менен атса келечек аны заман менен атат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан